БАЭни 18 жыл башкарган президент Халифа ибн Зейд Аль Нахайян дүйнө салды

Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланып, ал 40 күнгө созулмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) президенти Халифа ибн Зейд Аль Нахайян узакка созулган оорудан улам 74 жаш курагында дүйнө салды. Расмий билдирүүнү Президенттик иштер боюнча министрлик таратты.

"Президенттик иштер боюнча министрлик БАЭ элине, араб жана ислам улутуна, жалпы дүйнө элине өлкө президенти шейх Халифа ибн Зейд Аль Нахайян дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтат", — деп жазылат кабарда.

БАЭде улуттук аза күтүү жарыяланып, ал 40 күнгө созулмакчы. Бул убакыт аралыгында мамлекеттик желектер түшүрүлүп, бардык министрликтер, мамлекеттик мекемелер менен менчик ишканалар үч күнгө ишин токтотот.
Халифа ибн Зейд Аль Нахайян президенттик кызматты 2004-жылдан бери аркалап келген. Ага чейин өлкөнү атасы Зейд Аль Нахайян (1971-2004) башкарган.
Японияда дүйнөдөгү эң узак жашаган байбиче көз жумду