Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Тажикстандын борборунда бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Душанбеде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттигинин Telegram-каналында маалымдалды.
Тышкы иштер ведомстволорунун башчылары уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жээнбек Кулубаев коңшу өлкөгө кечээ барган. Ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Садыр Жапаров 16-майда Москвага барат