Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Британ аскерлеринин Украинадагы операцияларды дагы деле жетектей турганы айтылды

Британиялыктар Украинанын аскерлерин башкаргандан сырткары НАТОнун чалгын кызматынын каражаттарын колдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жашыруун иштеген Британиянын офицерлери Украинанын алдынкы катардагы аскерлерин башкарууга азыркыга чейин катышып келет. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын күч түзүмдөрү Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү ишенимдүү адамдарга таянып билдирген.

"Атайын операциянын башталышынан бери британ офицерлери алдынкы катардагы аскерлер менен чогуу жүрүп, Украинанын командалык аймактарына баш багып, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аракеттерине өзгөртүү киргизип жатат", — деген агенттикке маалымат берген киши.

Анын айтымында, британиялыктар Украинанын аскерлерин башкаргандан сырткары НАТОнун чалгын кызматтарынын бардык каражаттарын колдонууда. Мындай ыкма аларга негизги багыттар боюнча коргонууну уюштурууга жардам берген. Россиянын күч түзүмүнүн кызматкери Англиянын офицерлеринин жумушчу тобу Вашингтондогу Согушту изилдөө институтуна (ISW) Украинадагы кырдаалды сүрөттөгөнгө карта түзүп бергенин айткан.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен Украина Британия менен ЕБдин ортосуна жик салды