Боомдо төрт күн таш түшүрүү иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылат

30-40тан ашык автоунаа топтолуп калганда, таш түшүрүү иштери токтоп, транспортторду өткөрүүгө уруксат берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. 16-майдан 20-майга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 129-чакырымында таш түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлады.
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, аталган иштер күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт", — деп айтылган маалыматта.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрүп турмакчы.
"30-40тан ашык автоунаа топтолуп калганда, таштарды түшүрүү иштери токтоп, автокөлүктөрдү өткөрүүгө уруксат берилет", — деп кабарлады ишканадан.
Аталган мекемеден бул иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Бишкекте автоунаа каттачу айрым чоң жолдор кеңейтилет. Видео