Бөлтүрүк: Акаев үн каткандан кийин Centerra дароо башкача сүйлөй баштады

Теңиз Бөлтүрүк Кумтөр кени боюнча канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен жетишилген макулдашуу тууралуу биринчи ирет пикир билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. "Улуу көчмөн мурасы" улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк Centerra Gold Inc. компаниясы менен жетишилген макулдашуу тууралуу айтып берди. Бул анын "Кумтөр голд компани" жабык акционердик коомунун Кыргызстанга өтүшүнөн кийинки алгачкы билдирүүсү.
Бөлтүрүктүн айтымында, макулдашууга президент Садыр Жапаровдун саясий эркинин аркасы менен гана кол коюлган.
"Ал "Кумтөрдү алабыз" деди. Мен деле Centerra компаниясында иштеп жүргөндө оюмду жашырчу эмесмин. "Силер менен ажырашабыз. Мындан ары чыдай алгыс зыян келтирдиңер" дедим. Алар баарын билген, даярданышты, биз да даярдандык. Болор иш болду. Аягына чейин катуу турдук. Алар баягы көнүп калган эски схемаларын колдонууга аракет кылышты, акча сунушташты, опузалашты, ЖМКларды колдонушту. Биз аягына чыгардык. Чынында бул саясий эрк эле. Батыштын юристтери менен коргонуубузду дыкат даярдадык", — деди ал.
Бөлтүрүктүн айтымында, маселени аягына чыгарууда чечүүчү ролду Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин кылмыш ишине катышуусу ойноду.
"Аскар Акаев жоопкерчиликти мойнуна алып, өзү, маркум баласы, жакындары коррупциялык схемаларга катышканын айткандан кийин Centerra дароо башкача сүйлөй баштады. Биз басымыбызды күчөтүп, кылмыш иштери боюнча мүмкүнчүлүктөрдү ачыктагандан кийин эски схемалар жардам бербей турганын түшүнүштү. Алдым-жуттуму жок, пара албай турган абийирдүү саясатчылар келгенин билишти. Позициябыз катуу болот. "Кумтөр" биздики, ал өлкө экономикасына иштеши керек", — деди Бөлтүрүк.
Эскерте кетсек, 4-апрель күнү Садыр Жапаров министрлер кабинети менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы "Кумтөр голд компани" жабык акционердик коомун башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуучу макулдашууга кол коюлганын жар салган. Эми Кыргызстан аталган кенди өз алдынча иштетет.
Тышкы башкарууга бир жыл. Садыр Жапаров Кумтөрдү текшерте баштады