Мэрия: "Бишкек жашыл чарбадан" бир жылдык гүлдүн көчөтүн алууга болот

Ишкана Бишкек шаарындагы Ташкент көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы "Бишкек жашыл чарба" ишканасында бир жылдык гүлдөрдүн ар кандай түрлөрүнүн көчөттөрү сатылып жатканын билдирди.

"Урматтуу калаа тургундары, ишканадан гүлдүн сальвия, георгина, алисум, тагетес, катарантус деген жана башка түрлөрүн ала аласыздар. Көчөттөрдүн баасы 16 сомдон 22 сомго чейин", — деп жазылат маалыматта.

Ишкана Бишкек шаарындагы Ташкент көчөсү, 17 дарегинде жайгашканы айтылды.
Суранабыз, уурдабагыла! "Ала-Тоонун" көркүн чыгарган ажайып гүлдөр. Сүрөт