Кыргызстан "Российская газетанын" объективинде. Бишкекте көргөзмө ачылды

Иш-чара борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекте "Российская газета" басылмасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Быйыл редакциянын түзүлгөнүнө 20 жыл толот.
1 / 4

Бишкекте "Российская газета" басылмасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды

2 / 4

Быйыл редакциянын түзүлгөнүнө 20 жыл толот

3 / 4

Басылманын редактору Данияр Каримов белгилегендей, гезиттин Москвадагы кеңсесинен таланттуу фотограф Сергей Куксин Кыргызстанга келип, өлкөнүн жаратылышын, кооз жерлерин тартып алган

4 / 4

Анын айтымында, бул көргөзмө гезит өкүлчүлүгүнүн 20 жылдыгына арналып, "Кыргызстан Российская газетанын объективинде" деп аталат

Басылманын редактору Данияр Каримов белгилегендей, гезиттин Москвадагы кеңсесинен таланттуу фотограф Сергей Куксин Кыргызстанга келип, өлкөнүн жаратылышын, кооз жерлерин тартып алган.
Анын айтымында, бул көргөзмө гезит өкүлчүлүгүнүн 20 жылдыгына арналып, "Кыргызстан Российская газетанын объективинде" деп аталат.

"Сүрөттөр абдан кызыктуу. Мунун баарын Бишкектеги Опера жана балет театрынан көрүүгө болот. Көргөзмөнүн аягында сүрөттөр театрда калат. Кыргызстандыктар кийин да мында келип, кандай сонун өлкөдө жашап жатканыбызды көрүп турушат", — деди Каримов.

20 жыл ичинде "Российская газета" жаңы форматка өтүп, онлайн иштей баштаган. Каримов белгилегендей, электрондук портал бүгүнкү күндө абдан активдүү, фото жана видеоконтенттер да жайгаштырылган.
Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтүп жатат. Сүрөттөр