Бензин, доллар, евро баасы кандай болуп жатат. 13-майдын маалыматы

Sputnik Кыргызстан валюталар курсу, бензин менен дизелдин баасы тууралуу маал-маалы менен маалымат чыгарып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өткөн суткада доллар менен евро бир топ арзандай түштү, ал эми күйүүчү майлардын, алтын куймаларынын баасы ошондой эле калды.
Бейшембинин, тагыраагы, кечээки күндүн ушул убактысына салыштырмалуу доллардын сатып алуу жана сатуудагы орточо курсу 7 тыйынга түштү. Ал эми еврону сатып алуу жана сатуу баасы да 84 тыйынга арзандады. Рубль бир аз көтөрүлө баштады, ал эми теңге ошол тейде турат.
Бензин менен дизелдин баасы мурункудай. Мындан сырткары, 100 граммдык куймалар төрт миң сомго көтөрүлбөгөндүгүн эске албаганда, башкалары негизинен арзандаган да, кымбаттаган да жок.
Улуттук банктын алтын запасы апрелде 162 млн. долларга кыскарды