Баткен облусунда Тажикстандын 11 жараны кармалды

Чет элдик жарандар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Баткен облусунда Тажикстандын 11 жараны кармалганын УКМКдан кабарлады.
Ведомстводон билдиргендей, кармалгандар Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз иштешкен. Алардын баары Тажикстан Республикасынын чек арага жакын жайгашкан Согд облусунун тургундары экени аныкталды.
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, чет элдик жарандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
КР Чек ара кызматы: Өзбекстандын чек арачылары өз аймагын тосуп жатат