Бир ай мурунку тапшырма. Акылбек Жапаров Караколдогу мал базарды текшерди

Өкмөт башчы жаңы курулуп жаткан ири мал базардагы жумуштар менен да таанышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каракол шаарындагы мал базарга барып күтүүсүз текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каракол шаарындагы мал базарга барып күтүүсүз текшерди

2 / 4

Эскерте кетсек, Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барган

3 / 4

Буга чейин аталган базардын эл ылай кечип жүргөн видеосу тарап, социалдык тармакта кызуу талкуу жаратканы айтылды

4 / 4

Жапаров ири базардын шарты жакшырып, бирок оңдоо иштери толук соңуна чыга электигине күбө болгон

Эскерте кетсек, Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барган. Буга чейин аталган базардын эл ылай кечип жүргөн видеосу тарап, социалдык тармакта кызуу талкуу жаратканы айтылды.
Жапаров ири базардын шарты жакшырып, бирок оңдоо иштери толук соңуна чыга электигине күбө болгон. Өкмөт башчы жергиликтүү бийликке жеке ишкерлер менен биргеликте элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында оңдоо иштерине жардам берүү керектигин айтып, мал базардын айланасын карап чыкты.
"Министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү бийликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга март айынын соңунда өлкөдөгү мал базарлардын абалын жакшыртып, элге ыңгайлуу шарт түзүү тапшырмасын берген. Акылбек Жапаров өз кезегинде жумуштарды аткарууга бир ай убакыт берип, өзү күтүүсүз текшерүүгө аларын билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Каракол шаарында курулушу жүрүп жаткан жаңы ири мал базардагы жумуштар менен да таанышкан.
Пресс-борбор
Коомдук тамактануу жайларына алигиче пландык текшерүү жүргүзүлө элек