БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Атада туристтик сезондун ачылышында дүйнөдөгү IT-адистерди Көлгө келип иштөөгө чакырды.
Анын айтымында, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик адистер үчүн "Санарип көчмөндөр" долбоору ишке киргизилет.
"Ысык-Көл адам капиталын өнүктүрүүчү аймакка айланат. Арзан жана ылдам интернеттин аркасында билим берүү борборлору түзүлөт. IT-адистеринин мекенине айланат. Ансыз да Көлдө турак жайды ижарага алуу алда канча арзан, эли меймандос деген жакшы девиз пайда болду. Ысык-Көлдүн арзан, ылдам интернети, ажайып жаратылышы IT-адистерин тартып, алардын өз үйүнө айланат деп ишенем. Биз бул мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдонушубуз керек. Ошон үчүн алтындан көрө алтын инсандардын пайда болуусу кымбат деп айтылат", — деди Жапаров.
Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда Кыргызстандагы туристтик сезон расмий түрдө ачылды.