Аксыда жол кырсыгынан эркек киши каза тапты. Талкаланган көлүктөрдүн сүрөтү

Окуядан 13 киши жабыркаганы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Аксы районунун Кербен — Кош-Дөбө унаа жолунун болжол менен 13-чакырымында катталган жол кырсыгынан бир киши каза болуп, 13 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирип, окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдү жүктөдү.
Аксы районунун Кербен — Кош-Дөбө унаа жолунун болжол менен 13-чакырымында катталган жол кырсыгынан бир киши каза болуп, 13 адам жабыркаган
Маалыматта кырсык бүгүн таңкы саат 5.55тер чамасында болгону айтылды. Анда "ВАЗ 2106" жана Honda Stepwgn үлгүсүндөгү машиналар кагышкан.

"Каргаша болгон жерге эки куткаруучу бригада тартылган. Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши көз жумуп, 13 адам (7 эркек, 3 аял, 3 жаш бала) жабыркады. Учурда алардын аты-жөнү такталууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Тез жардам кызматынан эки бригада келип, жаракат алган адамдарды Аксы райондук ооруканага жеткиргени маалым болду.
Өзгөндө эки автоунаа кагышып, айдоочу уул-кызы менен каза болду. Сүрөт