ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери жамааттык коопсуздукту жакшыртууну талкуулашат

ЖККУнун алкагында маанилүү маселелер — эл аралык жана аймактык актуалдуу көйгөйлөрдүн талкууланары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлери 16-майдагы жолугушууда уюмдун алкагында өз ара кызматташуу менен жамааттык коопсуздук системасын жакшыртууну талкуулайт. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматынан кабарлады.

"Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана уюмдун түптөлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата 16-майда аталган уюмга мүчө болгон мамлекеттердин башчылары саммитке чогулат. Анда ЖККУнун алкагында маанилүү маселелер — эл аралык жана аймактык актуалдуу көйгөйлөр, жамааттык коопсуздук системасын жакшыртуу талкууланмакчы", — деп айтылган билдирүүдө.

Мындан сырткары, саммиттин жыйынтыгында юбилейлик датага карата ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө кол коюу пландалууда.
Москвада 16-майда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары чогулат