"ВКонтакте" жаңы тиркеме киргизип, артыкчылыктарын санап берди

Аталган тармакта видеолордун фрагменттерин редакциялоо, клиптердин хронометражын жаңылап туруу мүмкүнчүлүгү жаралды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. "ВКонтакте" социалдык тармагы "VK Клипы" деп аталган мобилдик тиркемени чыгарды. Анда 60 FPS, Full HD форматында кармаган жаңы камералар жана кошумча фильтрлер, эффектилер бар экендигин маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы тиркеме менен туурасынан эмес тигинен турган форматта видеону тез тартууга болорун айтып беришкен. Мындан сырткары, эксклюзивдүү функциялардын бар экенин билдиришкен. Аны менен катар эле видеолордун кесиндилерин редакциялоо, клиптердин хронометражын жаңылап туруу мүмкүнчүлүгү жаралды. Эми мурдагыдай бир эмес, үч мүнөткө чейинки видеолорду тартып, жүктөөгө болот.
"VK Клипы" тиркемесине кирип-чыгуу үчүн колдонуучуда VK ID, тагыраагы, аккаунту болушу керек. Андан сырткары, кайсы бир функцияларын авторлугу жок эле пайдаланууга уруксат берет.
"ВКонтакте" чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтөт