Талант Мамытов түркмөн башчысы Сердар Бердымухамедовго жолукту. Сүрөт

Учурда Жогорку Кеңештин делегациясы Ашхабадда уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россиянын парламенттер аралык алгачкы форумуна катышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго жолукту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго жолукту

2 / 3

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы алаканы арттыруу, парламенттик байланыштарды чыңдоо маселеси талкууланган

3 / 3

Мамытов Бердымухамедовду боордош Түркмөнстан мамлекетинин президенти болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы алаканы арттыруу, парламенттик байланыштарды чыңдоо маселеси талкууланган.
Мамытов Бердымухамедовду боордош Түркмөнстан мамлекетинин президенти болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.
"Кыргызстан мамлекеттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар. Айрыкча, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, энергетика жана айыл чарба жаатында кызматташуу артыкчылыкка ээ. Ошондой эле парламенттер аралык диалогду кеңейтүүбүз кажет", — деген Мамытов.
ЖК төрагасы түркмөн президентин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырган.
Өз кезегинде Бердымухамедов биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы пикири менен бөлүшүп, Кыргызстан менен ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнү көздөй турганын айткан.
Белгилей кетсек, төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Ашхабад шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россиянын парламенттер аралык алгачкы форумуна катышууда. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев бар.
Самбо боюнча Ашхабадда өтчү дүйнө чемпионаты Бишкекте болмой болду