Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы алмашты

Мусаев бул кызматты 2021-жылдын январь айынан бери аркалап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен аталган кызматка Каныбек Осмоналиев дайындалды.
Сыртбай Мусаев бул кызматты 2021-жылдын январь айынан бери аркалап келген.
Саламаттык сактоо министринин орун басары кызматтан кетти