Өч алуунун, кыжырдануунун толкуну: Шри-Ланкадагы тополоңдун 12 ирмеми

Шри-Ланкада "Элдик фронт" башкаруучу партиясы менен ага каршы чыккандардын кагылышуусу уланууда. Бул тополоң эмнеге алып келгендигин Sputnik агенттигинин жеринен тартылган сүрөттөрдөн жасаган топтомунан көрүүгө болот.
Sputnik
Кагылыш 9-майда эртең менен башталган. Өлкөдөгү экономикалык кризис менен өкмөт башчы Махинда Раджапаксанын отставкасынын фонунда Шри-Ланканы ээнбаштыктын, бейбаштыктын толкуну каптады. Миңдеген кишилердин көчөгө чыгып, отставканы майрамдамак болгон аракети башаламандыкка айланып кетти. Анын катышуучулары аткаминерлерге кол салып, башкаруучу партиянын мүчөлөрүнө жана алардын туугандарына тиешелүү үйлөр менен дүкөндөрдү өрттөштү. Полициянын маалыматына караганда, башаламандыктан жети киши каза таап, 230дан ашыгы жарадар болгон.
Кагылыштын катышуучуларын кууп-таратуу үчүн полиция суу менен атып, көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Өлкөдө белгисиз мөөнөткө чейин коменданттык саат киргизилип, армия менен полицияга ашыкча укук берилди. Тартипти сактоо үчүн армия да тартылды. Аскерлер көчөдө мародерчулук кылгандарды же коомдук мүлктү жок кылып жаткандарды көрсө, дароо ок чыгарууга буйрук алды. Президент Готабая Раджапакса элди тынчтанууга, өч алуу үчүн жасалган зомбулук иштерди токтотууга чакырды.
1 / 12

Шри-Ланкада башкаруучу партия менен ага каршы чыккандардын кагылышуусу болду

2 / 12

Өлкөдөгү экономикалык кризис менен өкмөт башчы Махинда Раджапаксанын отставкасынын фонунда Шри-Ланканы ээнбаштыктын, бейбаштыктын толкуну каптады

3 / 12

Кагылыштын катышуучуларын кууп-таратуу үчүн полиция суу менен атып, көздөн жаш агызуучу газ колдонду

4 / 12

Миңдеген кишилердин көчөгө чыгып, отставканы майрамдамак болгон аракети башаламандыкка айланып кетти

5 / 12

Өлкөдө белгисиз мөөнөткө чейин коменданттык саат киргизилип, армия менен полицияга ашыкча укук берилди

6 / 12

Башаламандыктан жети киши каза таап, 230дан ашыгы жарадар болгону айтылды

7 / 12

Элдин жаалданган бөлүгү эч нерсеге карабай нааразылыгын билдирип, аткаминерлерге кыжырдангандыгын көрсөттү

8 / 12

Акыркы эки күндө башкаруучу партиянын мүчөлөрүнө жана туугандарына тиешелүү болгон бир нече үйлөр талкаланып жана өрттөлгөн

9 / 12

Тартипти сактоого армия да тартылды

10 / 12

Аскерлер көчөдө мародерчулук кылгандарды же коомдук мүлктү жок кылып жаткандарды көрсө, дароо ок чыгарууга буйрук алды

11 / 12

Шри-Ланкадагы экономикалык кризистин пандемиянын айынан чектөө киргизилген туристтик тармактын алсырап, чет элдик валютанын азайып кетишинен улам жаралганы айтылды

12 / 12

Эркек киши Коломбодо өткөн антиөкмөттүк акцияда улуттук желекти кармап турат