Саламаттык сактоо министрине жаңы орун басар дайындалды. Сүрөт

Жаңы орун басарды мекеменин жамаатына президенттик администрациянын экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти Гүлмира Шакирова тааныштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Нурийла Шериева саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Нурийла Шериева
Ага ылайык, аталган документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Жаңы орун басарды мекеменин жамаатына президенттик администрациянын экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти Гүлмира Шакирова тааныштырган.
Белгилей кетсек, аталган кызматты аркалап келген Бакыт Жангазиев иштен өз каалоосу менен кеткени кабарланган.
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы алмашты