Rutube хакердик чабуулдан үч күн өткөн соң иштей баштады

Видеохостингде бардык функциялар иштеген жок, азырынча Rutube тиркемесинин иши калыбына келтирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ушул аптанын башында хакердик чабуулга кабылган Rutube видеохостингинин сайты колдонуучулар үчүн кайрадан жеткиликтүү болуп иштей баштады. Бул туурасында платформанын Telegram каналында айтылган.
Видеохостингде функциялардын баары иштеген жок, азырынча Rutube тиркемесинин иши калыбына келтирилди.
"Видеохостингдин коопсуздугун камсыздоо үчүн RUTUBE ишин этап-этабы менен калыбына келтире баштады. Колдонуучулар үчүн видеокитепкананын 99,5 пайызы жеткиликтүү болуп калды. Авторлор үчүн санарип контенттин функциялары акырындап пайда болмокчу", — деп айтылган билдирүүдө.
Биринчи этапта контент авторлорунун студиясы жана видеожүктөө, колдонуучулар үчүн трансляция мониторинги калыбына келтирилип, тез жүктөөчү инфраструктура күчтөндүрүлөрү айтылды. Экинчи этаптагы иштер издөө жана комментарий калтырууну жөнгө салуу жаатында болмокчу.
Rutube адистери муну менен катар эле мындан аркы чабуулдарды болтурбоо үчүн хакерлердин аракетинин хронологиясын карап, иш жасала тургандыгын кошумчалашты.
"ВКонтакте" жаңы тиркеме киргизип, артыкчылыктарын санап берди