Путин саясий санкциялар уланып кетсе кесепети кандай болорун айтты

Россия президенти Батыштын элиталык мамлекеттери өздөрүнүн глобалдуу үстөмдүгүн сактап калыш үчүн башкаларды курмандыкка чалып жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Батыштын санкция боюнча оопайлыгы оңдурбай турган кесепетин тийгизет. Бул тууралуу Россия лидери Владимир Путин айтканын РИА Новости жазды.
"Санкция салуу боюнча токтоно албай улам тереңдеп кете берүү экономикалык мыйзамдардан алып караганда да, Европалык биримдик жана анын жарандары үчүн катаал, болуп көрбөгөндөй кесепетин тийгизет. Андан сырткары, дүйнөдөгү кедей өлкөлөр ачарчылык тобокелдигине туш болууда", — деди Путин экономикалык маселелер боюнча кеңешмеде сүйлөп жатып.
Ал "күнөө толугу менен батыштын элиталык мамлекеттеринде экендигин, алар өзүнүн глобалдуу үстөмдүгүн сактап калуу үчүн дүйнөдөгү башка тараптарды курмандыкка чалып жаткандыгын" баса белгиледи.
Россия президенти Батыштын элиталык мамлекеттери өздөрүнүн глобалдуу үстөмдүгүн сактап калыш үчүн башкаларды курмандыкка чалып жатканын кошумчалады.
Путин: Батыштын санкциясы Европа менен АКШ элине камчы болуп тийүүдө