Москвада 16-майда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары чогулат

Кремль өкүлү саммиттин жыйынтыгы менен журналисттерге маалымат бериле тургандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө болгон мамлекеттердин жетекчилеринин саммити Россия лидери Владимир Путиндин катышуусунда Москвада 16-майда өтөт. Бул тууралуу РИА Новости РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканына таянып жазды.
"ЖККУнун түптөлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 16-майда аталган уюмга мүчө болгон мамлекеттердин башчылары саммитке чогулат. Иш-чарада лидерлер жолугат жана андан сырткары иш нанүштөсүнүн форматында өз-өзүнчө сүйлөшөт. Саммиттин жыйынтыгы менен Зась (ЖККУнун башкы катчысы Станислав) жана (Армениянын премьер-министри Никол) Пашиняндын журналисттерге маалымат берери күтүлүп жатат", — деди Песков.
Ал Армения азыр уюмга төрагалык кылып жаткан өлкө экендигин кошумчалады.
Эксперт: АКШ ири согуш ачууга даярданган, бирок Россия алдын алууга жетишти