Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев: Россия — НАТО чатагынан өзөктүк согуш чыгуу тобокелдиги бар

Медведев чет элдик аналитиктердин НАТО менен Россиянын ортосундагы согуш тууралуу кеби токтобой жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Украинанын оозу-мурдуна курал тыга берүү НАТО менен Россиянын ортосунда болуп кетүүчү чатактын ыктымалдыгын ого бетер күчөтүп, ал жүрүп отуруп "бардык сценарий үчүн кайгылуу болгон" өзөктүк согушка алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин РФтин Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Telegram-каналына жазды.
Анын айтымында, чет элдик аналитиктердин НАТО менен Россиянын ортосундагы согушу тууралуу кеби токтобой жатат.
"Батыш өлкөлөрүндө башталган Россия менен прокси-согушунун (proxy war) шартында ансыз деле белгилүү болуп турган нерселерди дагы бир ирет түшүнүктүү кылып айткым келди. НАТОнун Украинаны курал-жарак менен жабдышы, анын аскерлерин батыштын техникасы, жалданма аскерлерди жөнөтүп жана альянстын машыгууларын биздин чек аранын жанында өткөрүшү НАТО менен Россиянын ачык жана түз эле болуп жаткан "келишим менен согушуусунун" ыктымалдыгын арттырат", — деди Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары.
Анын айтымында, булар тобокелдикти жаратат.
"Мындай чатактын толук өзөктүк согушка өтүп кетүү тобокелдиги дайыма бар. Бул бардык сценарийлер үчүн кайгылуу болот", — деп эскерткен ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Week: АКШнын катасы Украинада атайын операция баштоону шарттады