ЕАЭБ: Кыргызстанда союлган мал менен канаттуунун өндүрүшү өстү

Арменияны эсепке албаганда ЕАЭБ аймагындагы бардык мамлекетте сүт өндүрүү көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. ЕАЭБге кирген мамлекеттерде 2022-жылдын январь-март айларында айыл чарба өндүрүшү 1,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
ЕЭКтин маалыматында, өсүш Кыргызстанда 2,3 пайыз, Россияда 1,9 пайыз жана Казакстанда 1,8 пайыз байкалган.
"Анын ичинде мал чарба азыктарынын өндүрүшү көбөйдү. Союлган мал менен канаттуулар (тирүү салмакта) 4,3 пайыз, сүт 1,5 пайыз, жумуртка 3,2 пайызга өскөн. Союлган мал менен канаттуунун өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү боюнча алдынкы орунга Россия (+5,5 пайыз) жана Кыргызстан (+2,8%) чыккан", — деп жазылган маалыматта.
Арменияны эсепке албаганда ЕАЭБ аймагындагы бардык мамлекетте сүт өндүрүү көбөйгөн. Бирок бул өлкөдө жумуртканын өндүрүшү 14,7 пайызга өскөн. Казакстанда бул көрсөткүч 12,8 пайызга жеткен.
Россия сатып алган мыкты 10 кыргыз товары. Инфографика