Кыргызстанга 80 видеоларингоскоп аппараты сатып алынды

Долбоордун максаты — COVID-19га каршы турууга даярдык жана ооруну алдын алуу.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. "COVID-19га чукул чара көрүү" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 80 даана видеоларингоскоп аппараты сатып алынып, Кыргызстандын ооруканаларына таратылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
"Жаңы жабдуулар медиктерге COVID-19 менен ооруп сакайгандарды калыбына келтирүү учурунда жардам берет. Ошондой эле трахеялык интубациянын жыйынтыгын жакшыртат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, ал аппараттардын жардамы менен кулак-мурун жана кекиртекти деталдуу карап чыгууга, жөнөкөй хирургиялык процедураларды аткарууга мүмкүнчүлүк болот.
Долбоордун максаты — COVID-19га каршы турууга даярдык жана ооруну алдын алуу.
Анализ, тесттин жыйынтыгын, маалым катты онлайн алса болот. Министрлик сайт ачты