Нур-Султанда 8-кабатта асылып калган бөбөктү сактап калгандарга үй берилди. Видео

Каармандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Орда шаарында 8-кабаттагы турак жайдын балконуна асылып туруп калган кыз баланы жай тургундардын бири Сабит Шонтакбаев куткарып калганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Ал асылып турган кичинекей кызды 7-кабаттын терезеси аркылуу чыгып кармап түшүргөн. Бул маалда аны бутунан Саги Жалкышиев аттуу досу кармап турган.
Окуя 11-майда болгон.
Маалыматта Өзгөчө кырдаалдар департаментине Ула Дала 27/1 дареги боюнча 8-кабатта бөбөк асылып турганы боюнча билдирүү түшкөн. Куткаруучулар барган маалда кичинекей кызды аман-эсен сактап калганы аныкталган. Күбөлөрдүн айтымында, наристени 7-кабатта жашаган адам аман алып калган.
Өз өмүрүн тобокелге салган Шонтокбаевге өзгөчө кырдаалдар вице-министри Ибрагим Кульшимбаев "Төтенше жағдайдағы ерлігі үшін" медалы жана кол саат менен сыйлаган. Ал эми демөөрчүлөрдүн эсебинен насыясы төлөнүп, акимат балдардын жайкы эс алуусун каржылап бермекчи. Курулуш компанияларынын бири Шонтакбаевге үч бөлмөлүү батир бермей болду. Куткарууга катышкан Жалкышиевге да турак жай убадаланды.
Нур-Султандын акими кабыл алып, ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн айткан. Башкача айтканда, өзүн да, жубайын да жумуш менен камсыздап, балдарын бала бакча жана мектепке киргизүүгө жардам берилмекчи.
Шонтакбаев үч уул, бир кыздын атасы.
Милиционер Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишини сактап калды. Видео