БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын аймагында +15...+20 градус болот.
Бишкек менен Ошто күндүн экинчи жарымында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +23...+25, Ош шаарында +27…+29 градуска жетет.