Bloomberg: европалык 20 компания газга акы төлөө үчүн "Газпромбанктан" эсеп ачты

Банк компаниялардын чет элдик валютасын Москва биржасында сатат дагы газды сатып алуучунун эсебине рублди чегерип берет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Европалык 20 компания Россия газынын акысын рубль менен төлөө үчүн "Газпромбанктан" эсеп ачты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жеке булактарына таянуу менен жазды.
"Жалпысынан европалык 20 компания эсеп ачты, дагы 14ү документтерин даярдап жатат", — деп айтылат макалада.
Бирок алардын аттары аталган жок.
1-апрелден тарта Россия Европа өлкөлөрүнөн газдын акысын рубль менен ала баштаган. Импорттоочу "Газпромбанктан" атайын эсеп ачууга тийиш, ага келишимде көрсөтүлгөн валютада акча которот. Банк бул валютаны Москва биржасында сатат жана газды сатып алуучунун эсебине рублди чегерип берет.
Еврокомиссия март айында Евробиримдик үчүн 2022-жылы Россия газына болгон суроо-талапты үчтөн экиге, башкача айтканда, болжол менен 100 миллиард куб метрге кыскарта турган атайын планды иштеп чыгууну сунуштаган. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен өткөн аптада Россияга каршы санкциялардын алтынчы пакетинин алкагында Россия мунайына этап-этабы менен тыюу салууну сунуштай турганын билдирген.
Австриялык дипломат: Германия Россия газынан баш тартса оор күндөргө туш болот