БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20 шаарга эң жогорку талаптарга жооп берген оорукана куруу пландалып жатканын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү тобунун директору Фадия Саада менен жолуккан. Алар мамлекеттин социалдык саясатынын негизги милдеттери, анын ичинде адамдык өнүгүү маселелери, калктын жакыр жана аялуу катмарын колдоо үчүн зарыл болгон чаралар менен реформаларды талкуулаган.
Жапаров Кыргызстан рыноктук экономикага социалдык жактан багыт алган өлкө экенин белгилеген.
"Үстүбүздөгү жылдын апрель айында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылып, социалдык төлөмдөр көбөйтүлдү. Бул багытта министрлер кабинетинин көлөмдүү планы бар. Анын ичинде бюджеттик каражаттын эсебинен республиканын 20 шаарында эң жогорку талаптарга жооп берген ооруканаларды куруу пландалып жатат. Учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн техникалык жардам көрсөткөнгө даяр эл аралык адистер изделүүдө", — деген Жапаров.
Ошондой эле билим берүү тармагын реформалоо иштери жүрүп жатканын, анда кесиптик-техникалык билим берүүгө өзгөчө көңүл бурула турганын айткан.
Өз кезегинде Фадиа Саада Дүйнөлүк банк министрлер кабинетинин демилгелерин колдой турганын белгилеп, аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.