Радио

Кыдырмышева: блокчейн технологиялары шайлоо процессинде колдонулат

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Элзат Кыдырмышева блокчейн-технологияларды салттуу экономикага интеграциялоо иштери караларын айтты.
Sputnik
Санариптик өнүктүрүү министрлиги блокчейн технологияларын изилдеп, аны шайлоодо жана финансылык процесстерде колдонууну көздөп жатат. Бул тууралуу Элзат Кыдырмышева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, блокчейн технологияларын колдонуу жана аны өнүктүрүү боюнча креативдүү блокчейн-индустриянын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш жүрөт.
"Жакында Кыргызстанда алгачкы жолу блокчейн форуму өттү. Иш-чарада блокчейн технологиялары, криптовалюта, майнинг-индустриясы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Санариптик өнүктүрүү министрлиги министрлер кабинетинин тескемеси менен 2022-2023-жылга карата "Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү" боюнча иш-чарасын бекитип, анын 11-пунктунда блокчейн технологияларын шайлоо процесстеринде колдонуу багыты бар. Бул технологиянын өлкөдөгү потенциалын, мүмкүнчүлүктөрүн учурда министрлик анализдеп, бул тармактагы эксперттер, ишкерлер менен иштешип жатат. Алсак, блокчейн-технологияларды салттуу экономикага интеграциялоо иштери да талкууланып, ишке ашыруу жолдору каралууда",— деди Кыдырмышева.
Ошондой эле адис блокчейн технологияларын ишке киргизүүдө эл аралык практикага көңүл бурулуп, алардын тажрыйбасын да колдонуу керектигин кошумчалады.