Бишкекте чет элдиктин үйүнө кирип карактап кеткен улан-кыздар кармалды. Сүрөт

Шектүүлөр бычак кезеп коркутуп, 35 миң сом жана 1000 юань акчасын алып кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Бишкекте Ленин райондук милициясы тарабынан кытай жаранынын үйүнө кирип карактап кеткен деген шек менен үч улан, бир кыз кармалды. Бул туурасында РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Бишкекте Ленин райондук милициясы тарабынан кытай жаранынын үйүнө кирип карактап кеткен деген шек менен үч улан, бир кыз кармалды
Билдирмеге караганда, чет элдик жаран 10-май күнү болжол менен саат 20:30да белгисиз адамдар үйүнө басып киргенин айткан. Алар бычак кезеп коркутуп, 35 миң сом жана 1000 юань акчасын алып кетишкен. Мындан улам ал каракчыларга чара көрүүнү өтүнүп милицияга кайрылганы айтылды.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Тергөөнүн алкагында каракчылыкка шектелип 19 жаштагы У.У., 18 жаштагы К.А., 20 жаштагы К.А. жана М.А. кармалган. Алардын башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогу такталууда.
Чүйдө кылмышкерлер аялдамада тургандарды алдап салып кетип, тоношкон