Путин: Батыштын санкциясы Европа менен АКШ элине камчы болуп тийүүдө

Президент айрым мамлекеттерде инфляция 20 пайызга жакындаганын, жалпы жонунан еврозонада баа 11 пайыздан ашуун көтөрүлгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Батыштын Россияга каршы жарыялаган санкцияларынын авторлору саясий амбицияга жетеленип, Европа менен АКШ элдерине жана алардын экономикасына камчы болуп тийүүдө. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин экономикалык маселелер боюнча кеңешме өткөрүп жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Бул санкциялар глобалдуу кризисти шарттап жатат. Реалдуулуктан алыс саясий амбициялар, русофобия көбүнесе өзүлөрүнүн улуттук кызыкчылыгына, экономикасына, элинин бакубат жашоосуна камчы болуп чабылууда. Муну Европадагы инфляциянын жогорулашынан таасын көрүп жатабыз", — деди Путин.

Президент айрым мамлекеттерде инфляция 20 пайызга жакындаганын, жалпы жонунан еврозонада баа 11 пайыздан ашуун көтөрүлгөнүн белгиледи.
Bloomberg: европалык 20 компания газга акы төлөө үчүн "Газпромбанктан" эсеп ачты