Мамлекеттик сыр менен иштеген аткаминерден кош жарандык аныкталды

Атайын кызмат кош жарандыгы бар адамдар мамлекеттик органдарда иштей албай турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчисинен кош жарандык аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, текшерүүнүн натыйжасында У.А.У. аттуу аткаминер РФтин Ош шаарындагы башкы консулдугу 2021-жылдын 11-январында Россиянын жарандыгынан чыгууга уруксат бергени туурасындагы маалым каттын көчүрмөсүн берүүгө аргасыз болгон.
"У.А.У. 2018-жылдын апрель айында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген. Ошол учурда ал жеке маалыматтарында Россия жарандыгы бар экенин жашырган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан аппарат жетекчинин мамлекеттик сырды билүү мүмкүнчүлүгү чакыртып алынды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле атайын кызмат мыйзам боюнча кош жарандыгы бар адамдар мамлекеттик органдарда иштей албай турганын эскертти.
Диплом текшергенден кийин 40 кызматкер иштен кетти. Учурда кимдер шектелүүдө?