Анализ, тесттин жыйынтыгын, маалым катты онлайн алса болот. Министрлик сайт ачты

Порталдан медициналык жана фармацевтикалык ишке берилген лицензиялардын реестри менен таанышууга мүмкүнчүлүк бар.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Эми медициналык кызматтарды онлайн түрдө i.med.kg порталынан колдонууга болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, "СанарипMED" долбоорунун алкагында түзүлгөн бирдиктүү Imed сайты медициналык жайлардын иши ачык жана натыйжалуу болушу үчүн ишке киргизилгени белгиленди.
Порталдын жардамы менен төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:
COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө сертификат берилет;
COVID-19га каршы ПЦР-тесттин жыйынтыгын билүүгө болот;
Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы көрсөтүлөт;
Дарыгерге онлайн жазыла аласыз;
Психиатриялык жана наркологиялык диспансерде каттоодо турган-турбагандыгы жөнүндө маалым кат алса болот;
Медициналык жана фармацевтикалык ишке берилген лицензиялардын реестри менен таанышууга мүмкүнчүлүк бар.
Июнда COVID баш көтөрүшү мүмкүн. РФ министринин эскертүүсү