Акылбек Жапаров Сокулуктагы базарды кыдырып, дүкөндөрдү текшерди. Сүрөт

Ичимдиктердин акциздик маркаларын текшерүү учурунда контрафактылык продукциялар аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районуна барып базар, дүкөндөрдү текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районуна барып, базар, дүкөндөрдү текшерди

2 / 2

Билдирмеге караганда, Жапаров алгач Сокулук айылындагы "Жибек Жолу" базарына барып, соодагер, сатып алуучулар менен баарлашып, социалдык-экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолгон

Билдирмеге караганда, Жапаров алгач Сокулук айылындагы "Жибек Жолу" базарында иштеген соодагер, сатып алуучулар менен баарлашып, социалдык-экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолгон. Ошондой эле акчалай төлөмдөрдү жүргүзүүдө кассалык аппараттарды колдонуу жана чек талап кылуунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Сокулуктагы кичи дүкөндөрдүн биринде болуп, алкоголдук ичимдиктердин акциздик маркаларынын аныктыгын текшерген. Анда контрафактылык продукциялардын аныкталганы айтылды.
Акылбек Жапаров Германиядан кайтып келип кызматына киришти