Радио

Кубатбеков: унаа айнегин уруксатсыз караңгылаткандар 20 миң сом айып тартууда

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги Канатбек Кубатбеков автоунаанын терезесин уруксаты жок караңгылатып алгандар көп экендигин айтты.
Sputnik
Ушул жылдын 1-майынан тарта республика боюнча 65 айдоочуга унаанын терезесин уруксаты жок караңгылатып алганы үчүн 20 миң сомдон айып салынып, машина унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Бул тууралуу Канатбек Кубатбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, айдоочу унаа айнегин ыйгарым укуктуу өкүлдүн уруксаты жок караңгылатса жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып салынат.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга президент тарабынан кол коюлуп, учурда иштеп жатат. МАИ унаанын алдыңкы эшигинин каптал айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандардарды көзөмөлгө алып, текшерүүлөрдү жүргүзөт. Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, айдоочу автоунаа айнегин ыйгарым укуктуу өкүлдүн уруксаты жок караңгылатса жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып салынат. Тилекке каршы, айып акчанын көлөмү өскөнүнө карабастан талапты аткарбагандар бар. Алсак, ушул жылдын 1-майынан тарта республика боюнча 65 айдоочуга унаанын терезесин уруксаты жок караңгылатып алганы үчүн протокол түзүлүп, машинасы унаа токтотуучу жайга жеткирилди", — деди Кубатбеков.
Ошондой эле адис айдоочулар жол эрежесин сактап жоопкерчиликтүү болсо мыйзам натыйжасын бере тургандыгын кошумчалады.