БИШКЕК, 11-май — Sputnik. 11-18-май күндөрү Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунда Аралдан Казарман айылына чейин автоунаа менен жүрүүгө болбойт. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
"Кыргызгидромет" шашылыш билдирүүсүндө 10-14-майда аба ырайы бузулуп, өзгөрүп турарын айтып, тоолуу райондордо нөшөрлөгөн жамгыр жаап, кар түшүшү мүмкүндүгүн эскерткен.
"Арал — Казарман жолунда сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн. Жол кыймылынын коопсуз болушу, сел жана башка жер көчкүлөрдөн трассаны тазалоодо тоскоолдуктар жаралбашы үчүн жолдун бул бөлүгү убактылуу жабылат", — деп билдиришти министрликтен.
Транспорт министрлиги айдоочулардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен кароону суранышып, бара турган жолдорду алдын ала пландап алууга кеңеш беришти.