Өкмөт селден жабыркаган элге кредит же ссуда берүүнү карап жатат

Май айынын башында Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарында миңден ашуун турак жайды сел каптаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Турак жайын сел каптаган жарандарга кредит же ссуда берүү маселеси каралып жатат. Бул туурасында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.
Депутат Жанар Акаев селден жабыркагандарга арзан насыя же кайтарымсыз каражат берүү зарылчылыгын айтты.
"Учурда жабыркагандарды аныктоо боюнча комиссия иштеп жатат. Азыр кредит же ссуда кылабызбы деген маселе каралууда", — деди Дүйшеева.
Белгилей кетсек, май айынын башында Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарында катуу сел жүрүп миңден ашуун турак жайды, ондогон социалдык объектилерди каптаган. Эгин талаалары, ички жолдор, мал-жандык да сел алдында калган.
Суу районду каптап... Сузактагы абалдын асмандан көрүнүшү