ЕЭК: санкция менен таасир эткиси келгендердин колунан эч нерсе келбейт

Мясникович санкциялардын шартында мыкты жыйынтыктар болуп жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Санкциялар Россия жана Беларусь менен атаандаша албаган мамлекеттердин алсыздыгынан кабар берет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Михаил Мясникович билдирди.
Анын айтымында, санкциялардын шартында мыкты жыйынтыктар бар. Мисалы, өткөн жылы ЕАЭБ мамлекеттеринин соода-сатыгы үчтөн бир бөлүккө жогорулаган. Өз ара кооперация дагы өсүүдө.

"Бул нерсе биз өзүбүздү айыл чарба жана өнөр жай өндүрүшү менен камсыздай аларыбыздан кабар берет. Мындан тышкары, ЕАЭБ мамлекеттери жаңы инновациялык долбоорлорду ишке ашырып, илимий-техникалык сферадагы иштер активдешти. Санкция аркылуу бизге таасир эткиси келгендердин колунан эч нерсе келбейт", — деди ал.

Казакстан ЕАЭБден чыгары тууралуу маалыматты төгүндөдү