Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ баш катчысынын экс-жардамчысы: Россияга каршы санкциялар максатына жеткен жок

Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталган соң Батыш өлкөлөрү Москвага карата санкциялык кысымын күчөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Атайын операциядан улам Россияга каршы киргизген санкцияларды дүйнө мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү колдойт деген Батыштын ою оңунан чыккан жок. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын мурунку жардамчысы Ганс-Кристоф фон Шпонек "Известия" басылмасына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Дипломат Бразилия, Кытай, Индия, Иран, Пакистан, Түштүк Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү АКШ, Канада жана Евробиримдиктин талабын колдоодон баш тартканын белгиледи.
"Россияга каршы санкцияларды глобалдуу көпчүлүк колдойт деген план орундалбай калды", — деди Шпонек.
Анын айтымында, буга чейин деле санкциялар чыр-чатакты басууга жардам берген эмес, андан көбүнесе чектөө чараларына тиешеси жок тараптар жабыр тартып келген.
"Азыр санкциялык чаралар акылга сыйгыс чекке жетип калды. Карапайым элге кедергисин тийгизүүдө. Мындан көрө эртерээк сүйлөшүүлөргө өтүү зарыл", — деп эсептейт дипломат.
Berliner Zeitung гезити кабарлагандай, Шпонек Украинага курал жеткирүүгө каршылыгын билдирип Германия канцлери Олаф Шольцко кайрылуу жолдогон немец коомдук ишмерлеринин катарында.
Белгилей кетсек, Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталган соң Батыш өлкөлөрү Москвага карата санкциялык кысымын күчөткөн. Европада россиялык энергоресурстардан көз карандылыкты азайтуу тууралуу айтылып, дүйнөлүк бренддер өлкөдөн чыгып кете баштаган. Евробиримдик, АКШ жана башка бир катар мамлекеттер россиялык учактар үчүн асманын жапкан.
Кремль мындай кадамдарды буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык согуш деп атады. РФ лидери Владимир Путин санкциялар дүйнөлүк экономикага доо кетиргенин, Батыштын башкы максаты миллиондогон адамдарды жакырлантуу экенин белгилеген. Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү окуялар Батыштын саясаттагы да, экономикадагы да глобалдуу үстөмдүгүнө чекит кое баштады.
Германиянын VNG компаниясы газ акысын Россия айткандай төлөөгө макул болду