Ригалыктар тыюуга карабай жоокерлердин эстелигине кайрадан гүл алып келишти

Латвиянын атайын кызматы калкты аскердик мемориалдарга барбоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Риганын жашоочулары Латвияны фашисттик баскынчылардан бошоткон жоокерлердин эстелигинин алдынан муниципалдык кызмат алып салган гүлдөрдүн ордуна кайрадан жаңыларын алып келишти. Бул туурасында Sputnik Латвия билдирген.
"Бүгүн таң эрте бульдозер менен ригалыктар куткаруучу жоокерлердин эстелигинин алдына коюп кеткен гүлдөрдү жыйнап, автоунаага жүктөп, таштандыга ыргытышкан. Эртең менен келген эл бош калган аянтты көргөн. Орустар, латыштар келип жатат. Көптөрү ыйлап алган. Айрымдары өздөрү гүл көтөрүп келишти. Букеттерди жыйнап кетип жаткан бульдозердун сүрөтүн көрүп, кайрадан гүл алып келе башташкан. Аларды кайрадан жыйнап кетүүгө жол бербөө үчүн ыктыярчылар күнү-түнү нөөмөт уюштурууну чечишти", — деп белгилеген агенттик.
Буга чейин Sputnik Ближнее зарубежье порталы Рига Думасынын депутаты Константин Чекушиндин айтканына таянып, Латвия борборунун муниципалдык кызматы шейшемби күнү техника айдатып келип, Риганы бошотуучулардын эстелигине 9-майда коюлган гүлдөрдү жыйнап кетишкенин жазган.
Быйыл Латвия 9-майды Украинадагы курмандыктарды эскерүү күнү деп жарыялады. Атайын кызмат калкты аскердик мемориалдарга барбоого чакырып, гүл алып келгендер "сый-урмат кылбоону ачык эле көрсөтүп жатат" деп баалана турганын айтышкан. Республикада Георгий тасмаларына, Z жана V белгилерине тыюу салынган. Андан сырткары, советтик эстеликтердин жанына массалык иш-чаралар өткөрүлбөсүн дешкен.
"Жеңиш" паркындагы мемориал Латвияны бошотуучулардын урматына орнотулган. Аны тегерете тосушуп, украиналык жана латвиялык желектерди илип коюшкан. Анткен менен Риганын жашоочулары эстеликке көп гүл алып келгендиктен аларды төшөп койгондой сезим калтырды.
Польшада гүл коюуга барган Россиянын элчисине кол салышты. Видео