Ош мэриясы суу тазалоочу технологияларды сыноо үчүн компанияларды чакырды

Катышуучулар расмий кат менен 10-июнга чейин кайрылышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы суу тазалоочу техниканы тесттик сыноодон өткөрүп, сатып ала турганын маалымдады.
Бул "Өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 150 миллион куб болгон (кубаттуулугун кеңейтүү мүмкүнчүлүгү менен) "Озгур" суу тазалоочу жабдууларын реабилитациялоо" долбоорун пландоону ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Муниципалитеттин максаты — шаардыктарды үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо үчүн сапаттуу тазалоочу технологияны тесттен өткөрүп тандоо.
Технологиясын тесттен өткөрүүнү каалаган потенциалдуу компаниялар долбоордун процедураларын аткарышы шарт. Сыноо мөөнөтү 1,5 ай.
Ош шаарынын мэриясы катышуучуларды расмий кат менен talant_osh@mail.ru электрондук дареги аркылуу 10-июнга чейин кайрылууга чакырат.
Оштун жаңы мэри суу көйгөйүн чечүү үчүн Бишкектен адистерди чакырды