Суранабыз, уурдабагыла! "Ала-Тоонун" көркүн чыгарган ажайып гүлдөр. Сүрөт

Шаардын көркүнө көрк кошкон бул эмгектин ээси "Тазалык" ишканасы жана анын кызматкерлери экендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтына шаардын көркүн ачкан ар кыл гүлдөр отургузулду, өтүнүч, жулбагыла, эгерде андай фактыларды көрсөңөр, милицияга кабарлоону суранабыз. Мэриянын кайрылуусун маалымат кызматы таратты.
1 / 2

"Ала-Тоо" аянтына шаардын көркүн ачкан ар кыл гүлдөр отургузулду

2 / 2

Шаардын көркүнө көрк кошкон бул эмгектин ээси "Тазалык" ишканасы жана анын кызматкерлери экендиги айтылды.

Шаардын көркүнө көрк кошкон бул эмгектин ээси "Тазалык" ишканасы жана анын кызматкерлери экендиги айтылды.
Клумбаларда көз жоосун алган кызгылт сары тагетес, көк агератум, георгин, цинерария, кочкул кызыл колеус, ак алиссум, кызыл сальвия жана башка дагы көп гүлдөр пайда болгон.
"Урматтуу шаардыктар, сураныч, гүлдөргө аяр мамиле кылгыла. Эгерде уурдагандарды көрүп калсаңар, милицияга кабарлоону суранабыз", — дешти мэриядан.
Мындан сырткары, эгерде гүлдөрдү уурдап, үзүп, жулуп кетсе деп 10 миңге чукул көчөт даярдалганын кошумча билдиришти.
Бишкекке бир жылдык 800 миң гүл отургузулат. Сүрөт