Радио

Кожоярова: төрт жылда медиацияга 4 000 кайрылуу түшсө, анын 2 000и чечилди

"Улуттук медиация борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлсина Кожоярова үй-бүлөлүк жана тиричилик көйгөйлөрүн медиациянын жардамы менен чечүүнүн артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Медиация — ар түрдүү чыр-чатакты жөнгө салуунун бир ыкмасы. Жалпак тил менен айтканда, ортомчу же арачы. Анын негизги максаты — бир пикирге келе албай жаткан тараптардын ымалага келүүсүнө шарт түзүп берүү. Бул тууралуу Гүлсина Кожоярова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда соттор үй-бүлөлүк чыр-чатакка байланыштуу жарандык, кылмыш иштерине батып кеткен.
"Сотторго түшкөн иштердин көбү жарандык чыр-чатактар болуп жатат, ал сотко чейинки жөнгө салуу жолу менен чечилет. Тилекке каршы, жарандар өз талаптарын сот аркылуу канааттандырууга аракет кылышат. Ал эми сотко барганда адамдар бири-бирине карама-каршы болуп калышат да, душмандашат. Медиация институту соттордун ишин жеңилдетип гана койбостон, ажырашуу мезгилинде жубайлардын пикир келишпестиктери, кошуналардын араздашуусу өңдүү маселелерди чечип, талаш-тартыштарды сотсуз чечүү маданиятын да киргизе алат. Азыр адамдар абдан эмоционалдуу. Жөнөкөй эле нерселер конфликтиге айланып кеткен учурлар арбын. Медиатор бири-биринин бетин карабай калган тараптарды сүйлөштүрүүгө аракет кылат. Тажрыйба боюнча айта турган болсом, медиациянын жардамы менен көпчүлүк адамдар орток пикирге гана келбестен, бир нече сааттын ичинде эле көп жылдардан бери сотто жаткан иштерин чечип коюшат. Төрт жыл ичинде Улуттук медиация борборуна төрт миң кайрылуу келип түшсө, анын эки миңи сотсуз чечилди", — деди Кожоярова.
Ал сотко кайрылардан мурун медиаторго милдеттүү түрдө барууну шарттай турган мыйзам долбоору иштелип чыкканын кошумчалады.