Чүйдө кылмышкерлер аялдамада тургандарды алдап салып кетип, тоношкон

Кылмышка шектелип үч адам кармалды. Алардын бири мурда соттолуп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Чүй облусунда эркек кишилер аялдамадагы адамдарды жеткирип коебуз деп алдап, тоношкон. Бул тууралуу ИИББ билдирди.
Кылмышка шектелип мурда соттолгон 36 жаштагы Д.Т., 30 жаштагы О.И. жана 36 жаштагы Ж.Д. кармалды
Май айында Ысык-Ата, Сокулук жана Москва райондорунун бир нече тургуну милицияга кайрылган. Алар уюлдук аппаратын, акчасын тартып алган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранып кайрылышкан.
Кылмышка шектелип мурда соттолгон 36 жаштагы Д.Т., 30 жаштагы О.И. жана 36 жаштагы Ж.Д. кармалды.
Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, шектүүлөр Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасы менен аялдамада турган адамдарды "жеткирип коебуз" деп алдап салып кетип, жолдон коркутуп тоноп турушкан.
Кармалгандар азырынча үч эпизод боюнча шектелип жатат.
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Сүрөт