Радио

Талантбеков: жаанын кергичи "кирич" деп аталат

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
Sputnik
Жааны керип турган жипти ата-бабалар кирич деп колдонушкан. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, "Манас" баянында кездешкен көөнө сөздөрдүн көпчүлүгү учурда күнүмдүк турмушта колдонулбайт.
"Кыргыз тили бай дегенибиз менен аны далилдөө кыйынчылык туудурат. Мисалы, алакан, манжа (же манжанын аталышы) деп колдун түзүлүшүн айтсак, арабчада манжанын ар бир мууну, төрт капталы ар башка аталышка ээ болот. Ошол эле жаа, анын огу деген сыяктуу колдоно беребиз. Чынында ар бир бөлүгүнүн аталышы бар. Жаанын саадагы, огу деген сыяктуу киричи да бар. Ал жаанын эки башын бириктирип туурасынан байланган жиби (кылы, кайышы). Мына ушул жаанын кергичин, жибин "кирич" деп колдонуп жүрүү керек", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал тилди байытууда көөнө сөздөрдүн орду чоң экенин кошумчалады.