Депутаттар журналисттерди залдан чыгарып салып казино мыйзамын карап жатат

Бул маселе эртең менен күн тартибине киргизилген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары кумарканаларга уруксат берүү мыйзам долбоорун жабык эшик артында карап жатат.
Бул маселе эртең менен күн тартибине киргизилген эмес. Жыйын бүтөйүн деп калганда президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов эки маселени жабык эшик артында карап берүүнү суранды.
Сунушту вице-спикер Улан Примов дароо добушка коюп, 40 депутат "макул", үчөө "каршы" добуш берди. Мындан улам ЖКнын аппарат кызматкерлери журналисттерди залдан чыгарды.
Депутаттар Дастан Бекешев, Исхак Масалиев бул мамлекеттик сыр катылган маселе болбогондуктан ачык эле кароо керектигин айтты. Бирок алардын пикири эске алынган жок.
Казино ача тургандарга коюлчу талаптар. Түшүндүрмө