Казакстан ЕАЭБден чыгары тууралуу маалыматты төгүндөдү

Telegram-каналдардын биринде Казакстан биримдиктен чыгууну демилгелеп жатат деген билдирүү тарады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Казакстандын ЕАЭБден чыгуу планы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул боюнча өлкөнүн Маалымат жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен түзүлгөн Stopfake.kz сайтында айтылат.
"Telegram-каналдардын биринде Казакстан ЕАЭБден чыгуу демилгесин көтөрүп жатканы тууралуу билдирүү тарады. Буга Казакстан менен Россиянын ортосундагы пикир келишпестиктер себеп болгон имиш. Бул чындыкка дал келбейт. Башкача айтканда, фейк маалымат", — деп жазды портал.
Ошондой эле Казакстандын расмий маалымат булактарында жана ЖМКларда өлкө аталган биримдиктен чыгары боюнча маалыматтар жок экени кошумчаланды.
Жалган маалыматты кантип аныктоо керек? ИИМдин кеңеши