БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасстын өзү жана Лондондун Украинадагы кырдаал боюнча элдешкис позициясы Франция менен Германияда пикир келишпестикти жаратууда. Бул тууралуу Atlantic басылмасынын серепчиси Том Мактагдын жазганына таянып РИА Новости билдирди.
Журналист белгилегендей, Трасстын Лондон менен Вашингтон Украина кырдаалын жөнгө салууга милдеттүү түрдө катышуусу керек деген талабы жана Минск келишимине Британия менен АКШсыз кол коюлду деген сын ЕБдин негизги мамлекеттеринин позициясына каршы келүүдө.
"Британиянын Россияга карата күрөш жүргүзгөн позициясы чыр-чатак башталгандан бери сынга алынып келет. Мындай катаал риториканы Париж менен Берлин жылуу кабыл алышы күмөн", — деп жазган Мактаг.
Баяндамачыга маек берген Франция, Германиядагы дипломаттар жана аткаминерлер Лондондун позициясы Украинадагы кырдаал боюнча саясий чечим кабыл алууда кыйынчылык жаратып жатканын айтышкан. Алар Британия өзүнүн саясаты менен Брекситтен кийинки репутациясын кайра калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын белгилешкен.
"Трасстын мындай кадамына Британия өкмөтүнүн аткаминерлери да нааразы. Алар муну саясий оюн катары сыпаттап, Трасс шайлоо алдында позициясын бекемдеп, Жонсондун ордун басууга аракет кылып жатканын белгилешкен", — деген журналист.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.