Аксынын бир нече айылында айдоолорду чегиртке каптады

Айыл чарба департаментинин адистери аталган чегирткелер марокко чегирткеси экенин аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын айланасын, Жерге-Тал, Кашка-Суу айыл өкмөттөрүндөгү айдоо жерлерди массалык түрдө зыянкеч чегирткелер каптады. Бул тууралуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулу билдирди.
Анын айтымында, аталган жерлер — айыл элинин үлүштүк жери. Тургундар беде, эспарцет сыяктуу көп жылдык чөп эгишкен. Учурда зыянкечтерден арылуу максатында чаралар көрүлүп жатат. Чегиртке аталган аймактагы айдоо аянттарын бир жума мурда каптай баштаган. Мындай зыянкечтер мындан 20 жыл мурда да айдоо талааларын жапырт каптап, авиатехника менен дары чачылган.
Маалыматка ылайык, Айыл чарба департаментинин адистери аталган чегирткелер марокко чегирткеси экенин аныктады.
Тиешелүү кызматтарга билдирме жөнөтүлүп, дары чачуучу эки унаа берилген. Бүгүнкү күндө Кербен шаарынын айланасында 800 гектар жер дарыланып бүттү. Кашка-Сууда 3 гектар жерге дары чачылып, калган бөлүгү боюнча иш улантылары айтылды.
Баткен: чек арага жакын айылдарда миң гектар буудай, арпаны чегиртке каптады