Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Week: АКШнын катасы Украинада атайын операция баштоону шарттады

Басылма Америка Украинаны эң жаман жолдордун бирине таштагандыгын баса белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. НАТОнун Чыгышты көздөй кеңейиши боюнча Россиянын кооптонуусун АКШнын тоготпогондугу Украинадагы чатактын чыгышына алып келди. Бул туурасында Week журналынын баяндамачысы Эндрю Дэй жазганын РИА Новости жазды.
Макаланын автору түндүк атлантикалык альянстын "өтө коргонуучу мүнөзгө" өтүп алгандыгын ката деп атады.
"НАТО кооптуулук жараттыбы же жокпу, ал маанилүү эмес, бирок Путин муну коркутуу катары эсептеди жана мындай ой атайын операциянын башталышына түрттү. Анткен менен мындай саксынуу белгилүү эле болуп турган, эгерде Вашингтон ага олуттуу караса, чатак болбойт эле", — деген Дэй.
Публицист Украинага жасалуучу атайын операциянын алдында Ак үй Москва менен альянстын кеңейүү маселесин талкуулоодон баш тарткандыгын эске салды. Батыш лидерлери Киев жетекчилигине жекече "НАТОго мүчө болбойсуңар" деп билдирген фактыны "табышмактуу" деп атады.
"АКШ Украинаны эң жаман жолдордун бирине таштады. Ал — Россиянын босогосунда туруп НАТОго марионеткага айланганы, бирок аны менен кошо альянстын колтугунда калбагандыгы болду", — деп эсептеген материалдын автору.
Дэй АКШ эми Украинанын нейтралдуу мамлекет болушуна аракет кылышы керек деп эсептейт.
Россия 2022-жылдын 24-февралында Украинада атайын операцияны баштаган. РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын билдирген. Алар башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден Украинага жөнөкөйлөтүлгөн жол менен техника берүү мыйзамына кол койду